АКИpress - Түркия үчүн туризм тармагы өтө маанилүү болуп эсептелет, деп билдирди Түркиянын Туризм жана маданият министрлигинин өкүлү Беркан Ташан.
«Жыл сайын экономикага туризмден 60 млрд доллар түшөт деп күтөбүз. Бул жылы 20 млрд доллар күтүлүп жатат», - деди ал.
Коронавирус пандемиясына байланышкан чектөөлөр 1-июлдан тарта күчүн жоготуп, ага байланыштуу бул өлкөгө баарууну каалоочулардын саны өскөнүн кошумчалады.
«Мурунку жылы дача, батирлерди ижарага алышып, мейманканаларда жайгашууну каалабагандар болгон. Быйыл бул кадимки көрүнүш болуп калды. Чет өлкөлүк коноктор дагы, жергиликтүү тургандар дагы көп санда», - деди Беркан Ташан.
1-июлдан тарта Түркияда чектөөлөр дээрлик жок. Шаарлар арасындагы жана чоң шаарлардагы коомдук транспортторго болгон чектөө да жоюлду.
Белгилүү болгондой, Түркияда мурунку жылдан бери коопсуз туризмге багытталган «Safe Tourism» программасы ишке ашып келет. Бул COVID-19 вирусунан сактанууда бардык туристтердин коопсуздугу үчүн Түркиядагы бардык объекттер эл аралык стандарттарга дал келе турганын айгинелейт.
Ошондой эле аэропорттордо аралык сакталып, дээрлик ар бир кадам сайын санитайзерлерди кезиктиресиз. Ал эми учактарда ар бир жүргүнчүгө гигиеналык каражаттар — бет кап, кол кап жана санитайзер берилет. Аэропорттун ичинде бет капсыз турган жүргүнчүлөргө да күзөтчүлөр дароо эскертүү берип турушат.
Мындай көрүнүш башка объектилерде да бар. Бет кабы жок жүргөн туристтерге айып пул салынбайт.
- Туристтик объектилер мнен тааныштырган бул иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана туризм боюнча өкүлчүлүгү тарабынан Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Түркиянын Туризмди илгерилетүү жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) тарабынан уюштурулган.